Ак-Суу РИИБде убактылуу кармоочу жайдын курулушу башталып, кайра ташталып калган
КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө мониторинг жүргүзүшкөн. Теплоключенка айылынын Кыдыр-Аке көчөсүндөгү имаратта мониторинг учурунда чатырынан суу кирип тургандыктан, кабинеттер ным, сыз тартып турат. Чатырды алмаштыруу үчүн каражат жоктугун маалымдашкан.
Ак-Суу РИИБ жетекчилиги буга чейин февраль айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук башкармалыгына февраль айында кат жолдонуп, чатырдын жарактуу же жараксыздыгын аныктоо боюнча корутунду чыгаруу суралган.
2019-жылдын 1-мартында курамында тийиштүү адамдар кирген комиссия райондук ички иштер бөлүмүнүн кабинеттерин жеринде көрүп, чатырдагы эриген кардын сууларынан жана жаан-чачындын айынан кабинеттердин шыбынан суу тамчылайт. Иш бөлмөлөрү сыз тартып турат, бул РИИБ кызматкерлери жана ага келүүчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратаары белгиленген.
Акыйкатчынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгү Ак-Суу РИИБ Убактылуу кармоочу жайын куруу 2011-2012-жылдары башталганын, бирок азыркы учурга чейин 8-9 жыл аралыгында курулуш иши толук кандуу бүткөн эмес. Ажатканасы, жуунучу жайы, тамак аш сакталуучу жана бөлүштүрүүчү жайы жок. Ичинде күзөтчү үчүн кызмат өтөөгө шарттар түзүлгөн эмес. Балдар жана өспүрүмдөр үчүн өзүнчө бөлмөлөр жок. Аталган жай бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга бериле элек.