Акыйкатчынын өкүлчүлүгү Ак-Суу районунун аймактык ооруканасынын 3 бөлүмүнө мониторинг жүргүзүштү
КР Акыйкатчысынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 2019-жылдын 11-июнунда Ак-Суу районунун Ж.Бектуров атындагы аймактык ооруканасынын айрым бөлүмдөрүнүн ишине мониторинг жүргүзүштү.
Балдар бөлүмүнө мониторинг жүргүзүлгөндө ал жерде 14 бала дарыланып жаткан.Алардын бирөөсү 1 жашка чейинки баланы апасы алып жаткан.
Палаталары таза, медицина кызматкерлерине бейтаптардын даттануулары жок.
Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери хирургия-травматология бөлүмүнө да барышкан. Бул бөлүм 50 керебет-орунга эсептелген. Барган учурда травмотологияда 15, хирургия бөлүмүндө 16 бейтап дарыланышууда. Бөлүмдүн башчысы жана 3 хирург-дарыгер, 2 травматолог-дарыгер эмгектенүүдө.
Жугуштуу ооруулар бөлүмүнө барган учурда Боз-Учук айылынан тамак-аштан ууланган 12 адам жаткырылганы маалым болгон. Боз-Учук айылынын тургуну Бишкек шаарынан кудалар тараптан келген кешиктен кошуналарына ооз тийгизип, чай бергенден кийин ооруп калышкан. 1 адам жандандыруу бөлүмүнө, 11 адам ооруканага түшкөн. Жандандыруу бөлүмүндөгү бейтап абалы жакшырып, палатага чыгарылган. Бардык бейтаптарга өз убагында тийиштүү жардам көрсөтүлгөнү маалым болду.
Акыйкатчынын Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгү калктын медициналык тейлөөгө укуктарынын сакталышына мониторинг иштерин облустун башка аймактарында да улантат.