Токон Мамытов орун басарынын бирине Балдар омбудсменинин милдетин тапшырды

19/06/2019 - 16:35

Бүгүн, 2019-жылдын 19-июнунда, Акыйкатчы Токон Мамытов Балдар омбудсменинин милдетин  орун басары Гульнара Жамгырчиевага тапшыруу боюнча буйрукка кол койду.

Аталган буйрукта мындай деп айтылат: "Акыркы күндөрдөгү балдарга карата зордук-зомбулукту жана жашы жете элек балдар арасындагы  кылмыштардын өсүшүн эске алуу менен, зордук-зомбулукка кабылган балдарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында,  балдарга жардам берүүгө багытталган укуктук жана уюштуруучулук чараларды жана милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн, балдарга билим берүүчү атайын адистештирилген  мекемелердеги мугалимдерге, жашы жете элек балдардын иши боюнча  инспекторлорго жана социалдык коргоо кызматкерлерине, андан тышкары балдарга жана алардын ата-энелерине балдарды зордук-зомбулуктан коргоо жана алдын – алуу үчүн түшүндүрүү иш-чараларды өткөрүү максатында жана жашы жете элек балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого байланышкан маселелерди чечүү боюнчак мамлекеттик органдар арасындагы тыгыз кызматташтыкты түзүү үчүн, 

Буйрук кылам 

"Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары Жамгырчиева Гульнара Оморовнага Балдар омбудсменинин милдети жүктөлсүн".