Түркиянын Мармарис шаарындагы эмгек мигранттардын абалын Акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды
Түркия мамлекетинин Мармарис шаарынын «Marti Resort Hotel» мейманканасына иштөөгө барган эмгек мигранттарынын айланасында түзүлгөн кырдаал соцтармактарга жарыяланып, коомчулукка кенири тарап кеткен.
Анда Түркия мамлекетинин Мармарис шаарынын «Marti Resort Hotel» мейманканасына иштөөгө барган кыргызстандык 40 жарандын укуктары одоно бузулуп, иш берүүчүлөр тарабынан эмгек мигранттарына шарттар (иш күнүнүн 15 сааттан ашык убакытка узартылышы) жана айлык (келишимде көрсөтүлгөндөн кыйла аз) акы эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөндөй болгон эместиги айтылып, эмгек мигранттары наарызычылыгын билдиришкен. Эки тараптуу келишим Кыргызстанда жайгашкан «Амасса» иш менен камсыздоо жеке агентствосунун ортомчулугунун негизинде түзүлгөн.
Ал жактан биздин 17 жаран мейманканада иштөөдөн баш тартышып, өз алдынча жумуш издеп чыгып кетишкен.
Мейманкананын жетекчилиги ар бир баш тарткан жаранга 850$ доллар айып төлөөгө мажбурлаган. Үч жаран акчаны төлөөгө каршылыгын билдиргенде, полицияга салып берип, депортацияга кылууга аракет кылышкан.
Түзүлгөн кырдаал боюнча эмгек мигранттарынын укугун коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө КР ТИМ жана КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматын жана «Амасса» иш менен камсыздоо жеке агентствосунун ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча ИИМ Акыйкатчы тарабынан өтүнүч каттары жөнөтүлдү.
Аталган иш Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүндө.