Эжесинен качкан кыздардын атасы айылында эмес экен. Ал Бишкекке иштегени кеткен боюнча дайыны жок
2019-жылдын 20-июнунда Акыйкатчы институтуна «115 шыр байланыш» кызматы аркылуу, 7 жана 11 жаштагы кыздар тууралуу Ош-Бишкек-Ош жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочулардан маалымат түшкөн. Анда кыздар эжесинен качып келип, (атасынын биртууганы) Ошто жашаган атасына жеткирип коюну суранышканы айтылган. Акыйкатчынын орун басары Гульнара Жамгырчиева ошол замат жерине барып тактаса маалымат чын чыккан. Жыйынтыгында кыздар Жаштар жана балдар реаблитациялык борборго өткөрүлүп, кыздын атасын табуу тапшырмасы Акыйкатчынын Ош облусунда өкүлчүлүгүнө жүктөлгөн.
Өкүлчүлүк 21.06.2019-ж. эртең менен Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылы өкмөтүнүн башчысы Туйбаев Т.А. менен жолугушту. Ал кыздардын атасы К. Заиров менен класссташ экенин, ал адамды жакшы билерин айтты. Сүйлөшүү учурунда К. Заировдун турак жайы жок экени, айыл өкмөттөн бир нече жолу келип жер участогун сурагандыгы, бирок официалдуу түрдө арыз менен кайрылбагандыгын маалымдалды.
Аталган айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Т. Аматовага телефон чалып, окуя тууралуу билдиргенде, К. Заиров кыздарын мындан 3 жыл мурун айыл өкмөттүн каттоосунан чыгарып, Бишкеке алып кеткендиктен аларга эч кандай социалдык жардам көрсөтүлбөгөндүгүн маалымдаган.
Ошондой эле К. Заировдун бир тууган эжеси Ж. Заирова Жумагүл менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда, иниси тууралуу айыл өкмөттүн башчысынын айткандарын тастыктап, аялы каза болгондон кийин анын 3 баласы бир уул, 2 кызы калгандыгын, инисинин үй-жайы жок, жашоо шарты начар болгондуктан уулун агасы алып, 2 кызын эжеси багып беребиз деп Бишкек шаарына алып кетишкендигин айткан.
Иниси учурда Бишкек шаарына иштегени кеткендигин, телефон чалса албай жаткандыгын, бирок аны менен бирге кеткендердин телефондорун таап абалды тактай тургандыгын билдирген.
Ж. Заирова 2 кыздын айткандарына ишенгиси келбейт, себеби «сиңдимдин андай мүнөзү жок, абдан боорукер, июль айында кыздар менен бирге каникулга келээрин айткан эле, мен аларды келет деп күтүп жаткам» деди. Эгерде андай окуя болсо, кыздарды өзүнө алып тарбиялоого даяр экендигин билдирди.
Сүйлөшүүнүн аягында Акыйкатчынын өкүлү телефон номерин берип, эгерде кыздарды өзүнүн кароосуна ала турган болсо социалдык колдоолорду алуу үчүн Акыйкатчы институту жардам көрсөтөөрүн айтты.