КР Акыйкатчы иституту жана «Эркиндик үнү» КФ кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө арналган мини-футбол боюнча мелдеш өткөрүштү

24/06/2019 - 15:57

Өткөн ишембиде Акыйкатчы институту жана «Эркиндик үнү» коомдук фонду кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата мини-футбол боюнча мелдеш өткөрүштү.

Мелдешке 16 команда катышып, алардын ичинен: 7 команда мамлекеттик түзүмдөрдөн (Жогорку сот, Жогорку Кеңеш, Конституциялык палата, Башкы прокуратура, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Свердлов райондук соту), 2 команда эл аралык уюмдардан (Бишкектеги ЕККУ программалык офиси, Кыргызстандагы БУУ системасы), Акыйкатчы аппаратынын Адвокаттарынын командасы, ММКлардан «Азаттык Медиа», МТРК ЭлТР, КТРКжана КТРК «Спорт» телеканалы.

Мелдеште биринчи орунду КР Жогорку сотунун командасы жеңип алды, экинчи орунду – Кыргызстандагы БУУ системасынын командасы, үчүнчүнү – КР Башкы прокуратурасынын командасы ээледи. Жеңүүчүлөр эстелик кубокторун, уюштуруучулар тарабынан берилген дипломдор, ошондой эле мелдештин расмий өнөктөштөрүнүн белектерин алышты. 

Аталган иш-чаранын максаты – Кыргызстандын укук коргоо органдарынын бөлүмдөрүндө дагы деле кыйноолор колдонулуп жаткан учурлар бар экендигине коомчулуктун көңүлүн буруу болду.