Үч инстанциядагы сот органдары КР жаранынын укуктарын одоно түрдө бузушкан
КР Акыйкатчысынын аппаратына жаран А. Кабылов кайрылып, аны мыйзамсыз жазык жоопкерчилигине тартып жаткандыгына арызданган.
Атап айтканда, 2010-жылдын 22-апрелинде А. Кабылов Ош шаардык сотунун өкүмү менен КР ЖК 126-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча соттолгон, б.а. ал Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылында жайгашкан Республикалык психиатриялык ооруканага (мындан ары – РПО) өзүнүн бир тууган иниси К.С. мыйзамсыз жаткырган деп айыпталган
Бирок А. Кабылов бул кылмышты жасаган эмес, анткени анын бир тууганы К.С. 2006-жылдын 28-мартындагы №58 Ош облустук психикалык саламаттык борборунун психиатр-дарыгерлеринин соттук-психиатриялык бүтүмүнүн негизинде чыккан 25.03.2006-жылдагы Ош шаардык сотунун тиешелүү чечимин аткаруунун алкагында мажбурлоо жолу менен жаткырылган. Ал эми бул соттук чечим жана соттук-психиатриялык экспертизанын бүтүмү азыркыга чейин эч ким тарабынан жокко чыккан эмес (б.а. жарактуу деп эсептелет) жана А. Кабыловдун катыштыгы бары далилденген эмес.
Андан тышкары, жогоруда айтылган соттун өкүм ү кылмыш жоопкерчилигинин чараларын карабашы керек болчу, себеби өкүм чыккан учурда жаранды кылмыш жоопкерчилигине жана жазага тартуунун мөөнөтү өтүп кеткен, анткени мындай кылмыштын түрү боюнча чектөө 3 жылды түзгөн, анда А.Кабылов соттолуп жаткан кылмыш иши боюнча 2010-жылдын 22-апрелиндеги Ош шаардык сотунун өкүмү кантип чыкты, башкача айтканда айтылып жаткан кылмыштын жасалгандыгына 4 жылдан ашык убакыт өткөн.
Ош шаардык соту 22.04.10 ж. А.Кабыловго карата эки жыл эркинен ажыратуу жазасын, ошондой эле андан өзүнүн бир тууганы К.С. пайдасына 250 миң сом моралдык жана материалдык чыгымды өндүрүүнү мыйзамсыз дайындаган.
Ишти апелляциялык жана көзөмөлдөөчү тартипте кароо учурунда, мыйзам бузуулар болгондугуна карабастан, жогоруда айтылган Ош облустук сотунун жана КР Жогорку сотунун тиешелүү акттары менен айып коюлган бөлүгү боюбнча 2010-жылдын 22-апрелиндеги Ош шаардык сотунун өкүмү эч кандай өзгөртүүсүз калтырылган.
Ошентип, бардык үч инстанциядагы сот органдары тарабынан Акылбек Кабыловдун укуктары одоно түрдө бузулган, анткени ал жасабаган кылмышы үчүн соттолгон (жоопкерчилик 1997-жылдагы КР ЖК 126-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча (адамды психиатриялык ооруканага мыйзамсыз жаткыруу) белгиленген). Андан тышкары, бул жерде кылмыштын болбогондугун дагы айтса болот.
Арыздануучунун өзү билдиргендей, учурда ал КР Жогорку сотуна өндүрүштө кабыл алынган жаңы ачылган жагдай боюнча тиешелүү арыз жолдогон жана 2019-жылдын июль айынын орто ченине соттук отурум дайындалган.
Акыйкатчы институту соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүн байкоого алат жана укук бузуулар болсо аны калыбына келтирүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт.