Токон Мамытов БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүн кабыл алды

03/07/2019 - 14:06

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүн – кылмыштуулук жана укуктук сот адилеттүүлүгүн алдын алуу секциясынын кызматкери Анна Джудисти жана эл аралык эксперт-консультант Димитара Джаневди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Анна Джудис Акыйкатчыга БУУ БКБ ишмердүүлүгүн багыты, БУУ Глобалдык программасынын кылмыштуулукка жана укуктук сот адилеттүүлүк жаатындагы балдарга карата зордук-зомбулук боюнча жасалган иш-аракеттердин алдын-ала жыйынтыктары, ошондой эле террористтик жана экстремисттик топторго кор болгон жана ага тартылган балдарга байланыштуу ташталган чакырыктарга БУУ БКБ катышкан өлкөлөр үн катып, натыйжалуу жыйынтык көрсөтүүгө болгон колдоолор боюнча айтып берди.

Тараптар балдардын жана аялдардын конституциялык укугун коргоого байланыштуу мыйзамдардын аткарылышында келип чыккан көйгөйлөр, аларды конфликт болгон аймактардан (мисалы, Иран жана Сириядан) алып чыгып кетүү, коомчулукка аралаштырып кошуу боюнча маселелерди да көйгөлөрдү талкуулашты.