«Адамдар бандиттерден эмес, милициялардан корккон, 90-жылдарга Кыргызстан кайтып келгендегидей сезим…», – деди Акыйкатчы аппаратына келген арыздануучу
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Белгиянын жараны Антонина Городошкина учурда Степное айылындагы №2 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан кызы Анна Кизлыктын (мурунку кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси, “алдамчылык”) жана анын 2001-ж, 2012-ж, 2015-ж туулган жашы жетиле элек үч баласынын коопсуздугун жана конституциялык укугун коргоп берүүнү суранып кайрылды.
Антонина Городушкина арызында жазгандай, Бишкек ш. Свердлов менен Биринчи май райондук соту анын кызы Анна Кизлыкты 9 жылга мыйзамсыз эркинен ажыраткан, бул өкүмгө Свердлов районунун РИИБ мурунку тергөөчүсү, майор Артур Садыков себепкер болуп, жалганчы-күбөлөрдүн көрсөтмөсүн жасаган жана кызынан акча талап кылып коркуткан экен.
– Свердлов РИИБ тергөөчүсү, майор Артур Садыков менин кызым Анна Кизлыкты мыйзамсыз ишкерлик менен алектенет деген шек менен, өзү козгогон алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин кайра токтотууга акча сураган. Болбосо, кызымдын улуу уулу Петр Кирновскийге (2001-ж туулган) баңги-затын ыргытып, карматам деген. Артур Садыковдун коркутуусунан чындап корккон кызым Анна тергөөчү айткандай “тамак жегенге” акча берген. 2015-жылдын декабрь айында Анна ага 10 миң сом берген. Андан кийин 2016-ж январда А. Садыков андан 500 АКШ долларын талап кылганда, аны да берген. 2016-ж апрел айынын аягында аталган майор кайрадан “ачка”болгонун айтып, опузолоо, коркутуп-үркүтүү менен 700 АКШ долларын талап кылган, андан кийин 1200 доллар сураган. Бул акчаларды кызым ушул эле 2016-ж май айында берген. Бирок мунун баары ага аздык кылып, ошол эле май айында 2,5 миң АКШ долларын бериши керектигин талап кылган. Ошондо менин кызым чыдабай, КР УКМК тийиштүү арыз менен кайрылган. 2016-жылы 18-майда Артур Садыковду УКМК кызматкерлери аны кабинеттен (300 АКШ доллары + 2000 сом) пара алып жаткан жеринен үстүнөн чыгып кармашкан. Ага карата биринчи ирет -“пара талап кылуу”жана “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча эки берене менен кылмыш иши козголгон. Бирок андан кийин эле ага карата козголгон кылмыш иши “алдамчылык” беренесине өзгөрүп, Свердлов районунун экс-тергөөчүсү Артур Садыков 3,5 ай ТИЗО отуруп, анан үй камагына чыгып кеткен,-деп айтты арыздануучу Акыйкатчынын жеке кабылдамасындагы сүйлөшүүдө.
Ошондой эле ал тергөөчү А. Садыков козгогон кылмыш иши боюнча Бишкек ш. Свердлов жана Биринчи май соту кызы Анна Кизлыкты тогуз жылга эркинен ажыратып салышкан. Соттор үйдө Анна жалгыз багуучу экенин, балдары жаш экенин эске алышкан эмес. Соттор чечип берген мөөнөт боюнча ал ТИЗО №1 эки жыл (бул жерде 2 жыл 1 жыл деп эсептелинет) жана бир жарым жыл №2 түзөтүү колониясында отурду. Колониянын мурунку жетекчиси Аман Искендеров тарабынан Анна Кизлыкка (шартту-эрте бошотуу) же жатак абакка которуу боюнча документтерди чогултуп, чара көрүлгөн жок.
Ошондой эле арыздануучу А.Городушкина тергөөчү А. Садыков Аннанын балдарынын (Кирновский Пётр 2001-ж.т., Коляшев Расул 2012-ж.т., Ариана Кизлык 2015-ж.т.,) туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн, Анна Кизлыктын жалпы жарандык жана чет элдик паспортунун оригиналын алдап алып алгандыктан, неберелеринин документтерин кайрадан жаңы жасатканга туура келгенин айтты.
Андан ары арыздануучу Акыйкатчыга арыздануучу майор Артур Садыков УКМК ТИЗО чыккандан кийин өзүнүн жактоочусу И.А. менен Анна Кизлык жаткан ТИЗО №1 келип, уулу Пётр Кирновскийге баңги-затын ыргытып же кыз зордуктады деп туруп оор берене менен карматап деп шылдыңдап, коркутуп, ошол эле учурда Аннаны уюлдук телефонунуна сүрөткө жана видеого тартып алган.
– Бул тергөөчү жана кызымдын алдамчылык боюнча айыптаган Алтынай Сапаева жана анын күйөөсү Чолпон Султаналиев кызым Аннанын иши боюнча сот учурунда, алардын жакын досу ЖАМК жетекчилердин бири экенин, ал жерде Аннаны “көпкө кармашарын” ачык эле айтышты- деп сөзүн улантты Антонина Городушкина.
– Мен кызымдын жана неберелеримдин жашоосу үчүн корком, Кыргызстанда акыйкаттуулук, акыйкатуу сот жок экен. Такыр жок экен. Кызымды күнөөлөп жаткан ошол эле Алтынай Сапаева мага Бельгияга бир канча жолу телефон чалып, 15 миң евро талап кылганын айтканымды Свердлов жана Биринчи май соту угуп да коюшкан жок. Бул факт боюнча мен Бельгия полициясына арыз жазгам. А бул жакта, Кыргызстанда А. Сапаеваны жазаламак турсун, эч кандай тергөө иштерин жүргүзүшкөн жок.
Тергөөчү А. Садыков күбө катары тарткан жалганчы-күбөлөр-Алтынай Сапаева, Чолпон Султаналиев, Наталья Шпигальская жана башкалар, көрсөтмөсүндө туура эмес нерселерди айтып дайыма жаңылышкан. Бишкек ш. Свердлов жана Биринчи май соту бул фактыны дагы эсепке алышкан эмес. Милициялар форма менен мыйзамды жамынып алып, укуктук бузууларды жана адамдык сапатка жатпаган иштерди жасап, эл бандиттерден эмес, милициядан үрөйү учкан 90-жыл Кыргызстанга кайтып келгендей сезим болуп жатат-деди Акыйкатчыга Антонина Городушкина.
Сүйлөшүүнүн аягында арыздануучу анын иштеген жеринен берилген эмгек акысы сакталбаган өргүүсү аяктап бараткандыктан, Бельгияга кете турганын, ошого байланыштуу ал КР Акыйкатчысына кызы Анна Кизлыкты жатак абагына чыгарып же шарттуу-эрте бошотуп, жашы жетиле элек балдары апасынын кароосунда жана жанында бирге болуу үчүн КР ЖАМК жетекчилигинин кароосуна сунуштама берүүсүн өтүнгөн.
А. Городушкинанын жогоруда айтып бергендерин эске алуу менен Акыйкатчы Башкы прокуратурага, УКМК, КР ИИМ алдындагы соттор кеңешине Анна Кизлыктын ишин тыкыр изилдөө жана Бишкек ш. мурунку тергөөчүсү Артур Садыковдун жана Свердлов РИИБ жетекчилигинин, Анна Кизлыктын ишин караган Свердлов жана Биринчи май райондук сотунун иш-аракетине укуктук баа берүү боюнча тийиштүү каты менен кайрылуу жөнөтөрүн билдирди.