Акыйкатчы мекендешибиздин Мекенине кайтууга күбөлүк алууга (МКК) КР ТИМ жана Консул кызмат департаментинен жардам сурады

02/08/2019 - 16:27

Акыйкатчынын наамына Бишкек ш. тургуну В.А. Данилова кайрылды. Өзүнүн арызындаал, 2007-жылы Россия Федерациясынын Нижневартовск ш. иштөө үчүн чыгып кеткен, 1965-жылы туулган апасы Н.П. Данилованы өз мекенине кайтууга (Кыргызстан) көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн.

Арызда жазылгандай, 5 жылдан кийин апасы менен байланыш үзүлгөн. Кийин туугандарынын бири издегенде, анын бул аралыкта эки жолу үйү өрттөнгөнү маалым болгон. Ошондой эле ден-соолугу да начарлаган. Ушул убакка чейин ал ден-соолугун калыбына келтире албай жүрөт. Андан тышкары анын Бишкек ш. 2007-жылы алган паспортунун мөөнөтү да өтүп кеткен.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) РФ Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненец автономиялык аймагынын ыйгарым укуктуу өкүлү К. Айдаров бул окуя боюнча Свердлов облусунун КР Башкы консулдугуна кайрылды. Биздин мекендешибиз Бишкекке чыгуу үчүн Мекенге кайтууга күбөлүк керек (МКК), бирок аны Башкы консулдуктан өзү келсин-деген талап менен бербей жатышат. Н. Данилова ден-соолугунун начардыгына байланыштуу унаа менен миң чакырымдан ашуун жерге туруштук берип Сургуттан Екатеринбургга чейин келе албайт жана ага каражаты да жок.

Жогорудагылар боюнча КР Акыйкатчысы КР ТИМ жана ТИМге караштуу Консулдук кызматы боюнча департаментке кат менен кайрылды.

Мекенге кайтууга күбөлүк берилсе, РФ Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк автономдуу аймагынын ыйгарым укуктуу өкүлү Н. Данилованы Кыргыз Республикасына жиберүүнү уюштуруп, акча каражатына байлынышкан маселесин чечип берүүгө даяр.

Эгер мекендешибиз Бишкекке келсе, аны 12 жылдан бери көрө элек кызы тосуп алууга жана кам көрүүгө даяр.