Сатууга жана эксплуатациялоого кабылган балдардын укуктарына байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү

05/08/2019 - 15:03

2019-жылдын 2-августунда КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) офисинин конференц-залында КР Акыйкатчысынын орун басары Г. Жамгырчиеванын жетекчилиги менен сатууга жана экплуатациялоого кабылган балдардын укуктарына байланыштуу маселелерди иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Жыйындын катышуучулары сатууга жана экплуатациялоого кабылган балдардын укуктарынын сакталышы жана корголуусу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жыйынды ачып жатып, Акыйкатчынын орун басары Г.Жамгырчиева  бул иштин маанилүүлүгүн белгиледи, анткени өлкөдө балдарды сатуу-сатып алуу тенденциясы орун алгандыгына карабастан, акыркы 10 жылда балдарды сатуу боюнча иликтөөлөр жүргүзүлгөн эмес. Бул чөйрөдө толук маалыматтын жоктугу балдарды сатууну алдын алуу боюнча саясаттын тиешелүү чараларын иштеп чыгууга тоскоолдук жаратат.

Иликтөөлөрдүн алкагында балдарды сатууну алдын алуу жана аны менен күрөшүү үчүн иштеген мыйзамдык жана институттук алкактар жана көрүлгөн иш-аракеттер менен саясат ченемдери, анын ичинде балдарды сатуудан жапа чеккендерди аныктоо, алдын алуу жана жардам көрсөтүү маселелери талданат.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн алкагында төмөнкү маселелер камтылган:

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды-маектерди уюштуруу, анкета түрүндө сурамжылоо (жазуу түрүндөгү сурамжылоо);

- 2019-жылдын 13-августунан 23-августуна чейин облустардагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө караштуу Балдарды сатууга каршы туруу боюнча координациялык кеңештердин мүчөлөрү менен фокус-топтук талкууларды уюштуруу.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы менен бала сатуу чөйрөсүндөгү кырдаалдар жана сатууга жана экплуатациялоого кабылган балдардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын корголуусунун сакталуусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Атайын докладына жазуу пландалууда. Эмгектин эл аралык уюмунун (ЭЭУ) колдоосу менен Акыйкатчынын Атайын докладын даярдоо максатында Кыргыз республикасында бала сатууга байланыштуу көйгөйлөрдү жалпы иликтөө боюнча иштер башталды.

Эске салсак, КРнын Акыйкатчысынын приказы менен жумушчу топ түзүлгөн, анын курамына КРнын Акыйкатчысынын орун басары – Балдар Акыйкатчысынын функциясын аткаруучу Г.Жамгырчиева – топтун жетекчиси; Акыйкатчы Аппаратынын балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Н.Токтосунова жана аталган бөлүмдүн кызматкерлери, өкүлдөр: КРнын Билим жана илим министрлиги, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги, КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, КРнын мамлекеттик чек ара кызматы, КРнын мамлекеттик бажы кызматы, КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы  жана башка бир катар министрликтер менен ведомстволор.