КР Акыйкатчысынын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгү “Тынчтык демилгелери коомдук бирикмеси” тарабынан уюшулган тегерек столдо катышты

06/08/2019 - 14:39

2019-жылдын 18-19-июль күндөрү “Тынчтык демилгелери коомдук бирикмеси” жана Кыргызстандагы “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюму менен “Жашстан 2:Кыргызстандын жаштары тынчтык жана туруктуулуктун элчилери” долбоорунун алкагында “Эрте никеге туруу анын  кесепеттери” жана “Миграцияда жүргөн жарандардын балдарынын абалы” деген темада  Кызыл-Кыя шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак айылында өткөрүлгөн тегерек столго өкүлчүлүктүн  жетектөөчү адиси К.Курманбеков катышты.

Долбоордун негизги максаты жаштардын чечим кабыл алуу жараяндарына жигердүү катышуусуна өбөлгө  түзүү жана жаштар саясатын алдыга жылдыруу болуп саналат.

Долбоордун алкагында Кызыл-Кыя шаарынын жана Баткен районунун Кара-Бак айылынын жаштары максаттуу топтор катары тандалып алынган.

Ал тегерек столго жергиликтүү бийлик жетекчилери,  жергиликтүү кеңештин депутаттары, Кызыл-Кыя шаарынын жана Баткен районунун социалдык коргоо башкармалынын кызматкерлери, шаардык, райондук  билим берүү бөлүмүнүнү, ички иштер бөлүмүнүнү,  медицина кызматкерлери жана ата-энелер, жаштар комитетинин, аялдар кеңешинин өкүлдөрү, мугалимдер, жалпыга маалымдоо  каражаттарынын өкүлдөрү, казыят өкүлдөрү жана жаштар катышышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Акыйкатчынын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн  кызматкери аталган теманын алкагында Акыйкатчы (Омбудсмени) институтунун ишмердиги, анын өкүлчүлүктөрү,  жарандардын кайрылууга болгон укуктары, кайрылуунун тартиби жана адам укутары менен эркиндиктери жөнүндө маалыматтарды кеңири берип, катышуучулардын суроолоруна жоопторду жана жеринде укуктук кеңештерди берди.

2019-жылдын  30-31-июлу күндөрү “Тынчтык демилгелери коомдук бирикмеси” жана Кыргызстандагы “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” эл аралык уюму менен “Жашстан 2: Кыргызстандын жаштары тынчтык жана туруктуулуктун элчилери” долбоорунун алкагында  Кызыл-Кыя шаарынын жана Баткен районунун Кара-Бак айылынын 12 жашстанчы жаштарынын жана ички иштер бөлүмүнүн, социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин мектеп мугалимдеринин,  катышуусунда   “Тынчтыкты куруу жана  гендердик тендикти камсыздоо” деген темада Баткен шаарында тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Акыйкатчынын өкүлү катышып, адам укуктары жана эркиндиктери боюнча баяндама окуп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди..