Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү эл аралык Кызыл Жарым Ай коому менен бирдикте фостердик үй-бүлөлөрдү кыдырышты

16/08/2019 - 12:15

2019-жылдын 5-август күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктук өкүлү Кызыл Жарым Ай коому менен бирдикте Тоң районундагы фостердик төрт үй-бүлөгө кийим-кечелерди таратып беришти. Аталган төрт үй-бүлөдө 9 бала тарбияланып жатат.

Фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдардын укуктары кандай сакталып жатканы боюнча Акыйкатчы институту дайыма мониторинг жүргүзүп турат. Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Тамаевдин пикиринде, айрым фостердик үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдар даяр нерсенин үстүндө болуп, мурда тарбияланып жаткан балдар үйүнөн эч айырмасы жок.  Ал эми айрым фостердик үй-бүлө жер, мал, бал чарбачылыгы менен алектенишет. Менимче, балдарды эмгекке бышырган жакшы, кийин алар турмуш-тиричиликке тың болуп, өз алдынча оокат кылганына жеңил-дейт. 

Маалымат үчүн айтсак: Балдар фостердик үй-бүлөдө кандай тарбияланып,кандай шартта жашап жатканы боюнча Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жүргүзгөн  мониторингдин жыйынтыгы боюнча сот алты ай сайын бала ал үй-бүлөдө андан ары кала турганы же калбай турганы тууралуу чечим чыгарып турат.