Укук коргоочулар биргеликте Жалал-Абад облусунун жабык мекемелерине мониторинг жүргүзүштү

16/08/2019 - 12:10

Укук коргоо органдары тарабынан  эркиндиги  чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын  көзөмөлдөө  бөлүмү “Справедливость” коомдук бирикмесинин көз карандысыз эксперттери, Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү менен биргеликте 2019-жылдын 7-августунан баштап 13-августуна чейин Жалал-Абад облусунун убактылуу кармоочу жайларына мониторинг жүргүзүштү, атап айтканда, Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен районунун ИИБ УКЖ жана Кара-Көл, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу жана Жалал-Абад шаарынын ШИИБ УКЖ текшеришти.

Текшерүү маалында эксперттер УКЖ кармалган жарандардын медициналык жардам менен камсыз кылуу шарттарын карашты.

Мониторинг учурунда УКЖ кармалган  60 адамдын арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлдү.

Андан тышкары тамак-аш, медициналык камсыздоо,  кармоо мөөнөтү, кармоо шарттары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Жалал-Абад районунун УКЖ менен Ош ш. ТИЗО-25 чейинки аралык алыс болгондуктан, Жалал-Абад УКЖ дээрлик ТИЗОнун дагы милдетин аткарат.

Шектелгендер жана жазалангандар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген ченем менен жетиштүү түрдө ден-соолугун жана күч-кубатын сакташ үчүн акысыз тамак-аш менен камсыз кылынат. 

Бул мониторингдин максаты- ИИБ УКЖ камалгандарга учурдагы улуттук стандарттарга  туура келген медициналык жардам тийиштүү деңгээлде берилип жатканын текшерүү, бул жаатта эмгектенип жаткан медицина кызматкерлерини жана катардагы кызматкерлердин ошондой эле камалган жарандардын ой-пикирлерин угуу эле.

Белгилей кетсек, бул Акыйкатчы аппаратынын 2-баскычындагы иш-аракеттери. Биринчи баскыч 2018-жылы Ысык-Көл, Нарын, Чүй облусттарында жана Бишкек шаарында болгон.

2019-жылдын ноябрь айында тийиштүү бөлүм тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдар, жарандык коом жанан эл аралык уюмдардын катышуусунда аталган иш-чаранын жыйынтыктары менен тааныштыруу иш-чарасы өтмөкчү.