Акыйкатчы Институту арыз ээсинин алибиси эске алынышы керек деп эсептейт

19/08/2019 - 12:05

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) дарегине, учурда ЖАМКнын №21 мекемесинде убактылуу кармалган А.Т аттуу жарандын кызыкчылыгында Э.Т. арыз менен кайрылган

Э. Т. арызы жана ага тиркелген кошумча маалыматтардан белгилүү болгондой 2019-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен А.Т кылмышка шектүү деп табылып, бөгөт коюу чарасы боюнча камакка алынган.

Арыз ээсинин өтүнүчү боюнча Акыйкатчы институтунун тийиштүү бөлүмүнүн кызматкери  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №21 мекемесине  барып, кылмышка шектүү деп кармалып турган А.Т жана И.С аттуу жарандар менен жолугуп, кошумча маалыматтарды алган.

Белгилүү болгондой, “ЛЕКСУС ЛХ 570” үлгүсүндөгү унаа 2019-жылдын 25-июлунда саат 19:40 чамасында уурдалган. Арыз ээси Акыйкатчыга  берген фото жана видео тасмалардан кылмыш жасалган убакытта А.Т үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы Токтогул жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде  25-июль күнү саат 19:20дан тартып,  23:56га чейин кечки тамакта болгондугу тастыкталып турат.

А.Т өзүнө таандык  “ЛЕКСУС ЛХ 570” үлгүсүндөгү кымбат баалуу авто унаанын сатуу келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдөгү акча каражаттарын ала албастан, өзү ортодо авто унааны сатып бере турган адамдар тарабынан алданып, кайрадан өз авто унаасын өзү уурдагандыгы тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча камакка алынган. А.Т. жактоочусу тарабынан тастыктоочу фото, видео материалдар тийиштүү кызматкерлерге берилген. Бирок ага карабастан, А.Т азыркы учурда кылмышка шектүү деп камакка алынып,  КР ЖАМКнын №21 мекемесинде кармалып турат.

Акыйкатчы институту тарабынан Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурору А.Жолдошбековго  арыздын көчүрмөсүн жана фото, видео материалдарды тиркөө менен иштин жагдайы боюнча тастыктоочу материалдардын эмне себептен эске алынбай жаткандыгын тактап берүү боюнча кат жолдонду.