Акыйкатчы эмгек жамаатка жаңы дайындалган кызматкерлерди тааныштырды
Бүгүн, 2019-жылдын 19-августунда Акыйкатчы аппаратынын жалпы жыйналышында Токон Мамытов эмгек жамаатка жаңы дайындалган кызматкерлерди тааныштырды. Алар сынактык комиссиянын сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын буйругу менен дайындалышты. Сынак атаандаштык негизде өткөнүн белгилей кетүү керек. Бир бош орунга бир нече талапкерлер катышышты.
Акыйкатчы Токон Мамытов, жаңыдан дайындалган укук коргоочулардын иштерине ийгилик каалоо менен бирге “Жаңы дайындалган кызматкерлер Акыйкатчынын милдети болгон адам укуктарынын жана эркиндиктерин коргоодо өз салымыңарды кошооруңарга ишенем”-деди.
Жаңы дайындалган кызматкерлердин тизмеси:
Дуйсенова Бибинур Эркиновна – Психиатрдык мекемелердеги бейтаптардын укуктарын коргоо боюнча кызмат/ Инспектор;
Суханалиев Уланбек Казакбаевич – Укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмү/ Инспектор;
Турдубаев Урмат Кумарбекович – Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Басма сөз кызматы/ башкы адис (ITадис);
Абдикаар уулу Чолпонбек - Укук коргоо органдары тарабынан эркиндиги чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүм/ жетектөөчү адис;
Атабаев Мирбек Жолдошевич- КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгү/ жетектөөчү адис;
Арзыматова Айгерим Жанышовна – Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо бөлүмү/ жетектөөчү адис;
Мамаев Абдалим Алибаевич – Материалдык жана техникалык камсыздоо сектору/ адис.