20 жаштагы кыз баш коргоо чарасы каралгандан кийин убактылуу кармоочу жайда жыйырма күндөн ашык кармалган
2019-жылдын 15-августунда КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери, ишке тартылган эксперттер менен биргеликте Бишкек ш. ШИИБ УКЖ алдын-ала текшерүүлөрдү жүргүзүштү.
УКЖ кармалгандар менен сүйлөшүү учурунда, М.А. аттуу жаран мыйзамды жана соттун токтомун бузуп, көп убакыттан бери УКЖ жатканы аныкталды. Аны №1ТИЗО камоо боюнча баш коргоо чарасы 2019-жылдын 22-июлунда каралган, бирок ошондон бери М.А. өздүгүн тастыктаган документтер боюнча чыккан көйгөйгө байланыштуу которула элек. Ошондой эле, ал кармалган учурда 18 сааттан ашык тергөөчүнүн кабинетинде болгонуна даттанды.
Бул факт боюнча Бишкек ш. Прокурорунун жана КР Акыйкатчынын атына арыз алынды.
Андан тышкары камактагы эки жарандан Свердлов РИИБ кызматкерлери көрсөткөн зордук-зомбулук боюнча арыз алынды. Арыздануучулардын айтымында, экөөнө тең кыйноо болуп, тагыраак айтканда күнөөнү моюндарына алдыртыш үчүн сабашкан.
Бул факт боюнча дагы кармалгандар КР Акыйкатчысынын жана Бишкек ш. Прокурорунун атына арыздар алынды. Бардык материалдар Прокурорго берилет.
Мониторинг учурунда кармалгандар ШИИБ УКЖ кармоо шарттарына нааразы болушту. Атап айтканда, камераларда курт-кумурскаларга (кантала, коңуз) каршы санитардык-эпидемиологиялык иштер жүргүзүлгөн эмес. Кармалгандардын көбүнүн денесинде курт-кумурскалардын чакканынын изи байкалат. Көптөгөн кармалгандар кармоо учурундагы укуктары жана ички эрежелери менен таанышышкан эмес. Мисалы, туугандары берип жибергендерди кайсы убакта алышаарын билишпейт, кайсы буюм-тайымдар камерада болушу керектигин да билишпейт.
Айтылган арыздануулар боюнча акт түзүлүп, КР Прокуратурасына арыз алынды. Ошондой эле Бишкек ш. ШИИБ УКЖ жетекчилигине оозеки жана жазуу түрүндө сунуштамалар берилди.