КР Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Улуу Британиянын элчиси Чарьз Гарретт адам укуктары чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулашты
Бүгүн, 2019-жылы 21-августта, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар адам укугу алкагындагы ар кандай маселелерди талкуулашты. Атап айтканда, Акыйкатчы Токон Мамытов Улуу Британия элчилигинин жардамы менен ишке ашып жаткан эл аралык долбоорлор тууралуу айтты. Ал Улуу Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, учурда бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен адам укугун коргоо жаатында буга чейин иштиктүү кызматташуу боюнча алака түзүлгөнүн белгиледи.
Акыйкатчы Токон Мамытов элчи Чальрз Гарреттке 2019-жылы “Эл аралык абак реформасы Penal Reform International (PRI)” уюму тарабынан каржыланып, оңдоп-түзөөдөн өткөн конференц-залды көрсөттү. Ошондой эле элчи Улуу Британия элчилиги жана “Эл аралык абак реформасы” уюмунун колдоосу менен иштеп жаткан “115 шыр байланыш” кызматы менен таанышты.
“115 шыр байланыш” кызматына укугум бузулду деген ар бир жаран, айрыкча жабык мекемелерде жүргөн жашы жете элек өспүрүм балдар байланышса болот. “115 шыр байланыш” кызматына өлкөнүн кайсы булуң-бурчунан болбосун, бардык уюлдук операторлордон акысыз чалууларды жүргүзүүгө болот.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү. Тараптар Кыргыз Республикасында адам укугу жаатындагы башталган долбоорлордун уланышына ишеним артышты.