Акыйкатчы аппаратынын мамлекеттик кызматкерлерине Японияда окуу мүмкүнчүлүктөрү түшүндүрүлдү

26/08/2019 - 11:25

Бүгүн, 2019-жылдын 26-августунда,  Акыйкатчы аппаратынын жыйналыш залында  JDS эл аралык  кызматташуунун япон борборунун улуу ассистенти А.Абжапарова мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн JDS долбоорунун окуу программасы жарыяланган  сынак боюнча  Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине түшүндүрдү. Бул программа Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине Япониянын университеттеринен магистр даражасын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, учурда КР Акыйкатчы Аппаратынын Жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана документтер менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип жаткан Келсинбек кызы Кереметкан  буга чейин JDS эл аралык программасы боюнча Япониядан окуп, билим алып, магистр даражасына ээ болуп келген эле.

Маалымат үчүн:

JDS 2019 кадрларын даярдоо үчүн стипендия берүү долбоору боюнча Япониянын гранттык жардам көрсөтүү программасына коюлган талаптар:

Жарандык: Кыргыз Республикасы

Жаш курагы: 2010-жылдын 1-апрелге карата кырк (40) жаштан жогору болбошу керек (б.а. 1979-жылдын 2-апрелине чейин туулгандар).

Окуунун түрү: туруктуу штаттык кызматкер статусу бар мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлери (мамлекеттик саясий жана атайын кызматтарды ээлеген кеңешчилерден, консультанттардан жана жардамчылардан тышкары).

Мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы өтөө мөөнөтү: 2 жылдан кем эмес (туруктуу штаттагы кызматкер статусу менен толук иштөөнүн негизинде) 2020-жылдын 1-апрелине карата.

Билим деңгээли: жогорку (адистин дипломунун же бакалавр жаражасынын болушу).

Англис тилин билүүсү: магистратурада окуу үчүн жетишээрлик деңгээли.

Долбоорго катышуу үчүн документтерди кабыл алуунун акыркы күнү: 2019-жыл 18-октябрь. Зарыл болгон бардык документтерди Бишкек шаарындагы JDS  долбоорунун өкүлчүлүгүнө тапшыруу керек. Так жана кошумча маалымат алуу үчүн Кыргыз Республикасынын JICE өкүлчүлүгүнө JDS долбоорунун кеңсесине кайрылыңыздар. Дареги: Кыргыз Республикасы,720040, Бишкек ш., Эркиндик бульвары 64 Б,1 кабат, №25 кеңсе (“Ололохаус Эркиндик” имаратында. Дүйшөмбү-Жума күндөрү саат 9.00-12.30, 14.00-17.30 чейин кабыл алынат. Тел,: (0312) 98-65-46. Электрондук почта дареги: jds.kyrgyz@jice.org же kyrgyz1@jice.org