2019-жыл 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяны изилдөө боюнча Омбудсмен тарабынан комиссия депутаттар кайрыла электе эле түзүлгөн

28/08/2019 - 10:59

Интернет булактарынын биринде Жогорку Кеңештин депутаттары И. Карамушкина жана К. Орозова Акыйкатчыдан 2019-жылы 7-8-августта болгон окуя боюнча отчёт сурайт деген маалымат жана депутаттардын кайрылуусунун көчүрмөсү пайда болгон. 

Буга байланыштуу Акыйкатчынын басма-сөз кызматы Акыйкатчы аппаратына 2019-жылы 28-августка карата  расмий түрдө эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн билдирет.

Бул багытта иш жасалган жана азыр да уланууда.

Белгилей кетсек, 7-8 августта Кой-Ташта болгон окуяны изилдөө үчүн КР Акыйкатчысы тарабынан буйрук чыгып, ага ылайык  Акыйкатчы институтунун жооптуу 7 кызматкеринен  турган комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ишин Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары жетектейт. Комиссия ар бир мүчөсүнө белгилүү мерчемде жумуштар берилген. Комиссия бир айдын ичинде иштеп жана өзүнүн чечимин чыгарат.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңештин жогоруда аталган депутаттарына да жооп берилет. Дагы белгилей кетүү керек, 8-августтун биринчи жарымында Акыйкатчынын кайрылусу чыккан. Ошол күндөрү Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын  кызматкерлери Кой-Таш айылында болушуп, окуяга жеринде мониторинг кылышкан.