2018-жылы Кыргызстанда 2905 диний уюм катталган

17/09/2019 - 17:12

Бүгүн, 17-сентябрда Акыйкатчы Токон Мамытов  Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана жогорку кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында адамдардын, жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы тууралуу жылдык баяндамасын берди.

Башкы укук коргоочу белгилегендей, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан 2018-жылы 2905 диний уюм каттоодон өткөн: анын 2324 мечиттер, 10 ислам окуу мекемелери, 92 медресе, 75  ислам фонддору жана 380 христиандык уюмдар.

Мындан тышкары ал “сатып алуу, өндүрүү, сактоо, таратуу жана экстремисттик материалдарды жөнөтүү жана ташуу ошондой эле экстремисттик жана террористтик уюмдардын символикаларын жана атрибуттарын атайылап колдонуу” боюнча 2018-жылы 239 адам соттолгон,  176 адам шарттуу түрдө кесилсе, 13 адам айып пул төлөгөнүн маалымдады.