Мамлекеттик тилге арналган мини сынак

23/09/2019 - 16:38

Бүгүн 23-сентябрда КР Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери жазуу түрүндө сынактан өтүштү. Алар кыргыз тилиндеги белгилүү чыгармалардан, учкул ойлордон жана макалдардын айрым бөлүгү жазылган кагаздарга, экинчи бөлүгүн толуктап жазышты. Сынактын тапшырмаларына Ч.Айтматовдун, А.Токомбаев, А.Осмонов, Б.Сарногоев жана Э.Ибраедин чыгармаларынан үзүндүлөр камтылган эле.

Сынактын башталышында Токон Мамытов  Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине мамлекеттик тилди, расмий тилди жана дүйнөлүк тилдердин бирин өздөштүрүүнүн зарылдыгын, келечек 3 тилдүү же андан да көп тилген жаштардыкы экенин баса белгиледи.  Конкурста баарына бирдей шарт түзүлүшү үчүн гуманитардык билимге ээ, филолог, журналисттер конкурска катыштырылган жок.

Бирок алар калыс болуп, конкурсанттардын иштерин баалашты. 20 пункттан турган тапшырманы аткарууга 10 мүнөт убакыт бөлүндү. Сынакта КР Акыйкатчысы Т.Мамытов жана Акыйкатчынын орун басары Е.Алимбаев башкалар менен бир катарда жазуу ишин жазып, жакшы натыйжаларга жетишти. Сынакта айырмаланган 3 кызматкер Бухгалтердик бөлүмдүн башчысы А.Исаев, укук коргоо органдары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы А.Колопов жана Басма сөз кызматынын башкы адиси У.Турдубаев эң жакшы натыйжаларга жетишти. Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга сыйлоо тууралуу сунуштама жөнөтүлөт.