Кой-Таш окуясы боюнча Акыйкатчы институтунун комиссиясы маалыматтарды чогултууну жана анализдөөнү улантууда
24/09/2019 - 11:57
Бүгүн, 24-сентябрь күнү 2019-жылдын 7-8 августта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы окуяны изилдөө боюнча Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алимбаев башында турган комиссия кезектеги жыйынын өткөрүштү. Бул жолку жолугушуу Кой-Таш окуясынан ар кандай баскычтагы жарат алган (жеңил жана оор) милиция кызматкерлери менен болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Е. Алимбаев, ал күнкү окуяны комиссия ар тараптан иликтеши ошондой эле обьективдүү, калыс корутунду чыгарышы үчүн, Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери ал окуяларга катышкан ар бир жарандын маалыматын жана пикирин угууга дилгир экендигин баса белгиледи.
- 7-8 августта Кой-Ташта болгон ар бир жарандын, ар бир мамлекеттик орган кызматкеринин пикири эске алынат. Ошондой эле ИИМ жана УКМК кызматкерлеринин дагы позициясы эсепке алынат-деп маалымдады комиссиянын төрагасы Е. Алимбаев.