Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын штаттан тышкары аймактык жардамчыларынын тизмесин кеңейтти

26/09/2019 - 11:52

Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын штаттан тышкары аймактык жаңы жардамчыларды (коомдук башталыштагы) бекитти. Алардын дайындалышы боюнча сунушту Кыргыз Республикасындагы Россиялык мекендештер уюмунун координациялык кеңешинин төрагасы А.В. Степанюк киргизген. 

Акыйкатчынын буйругуна ылайык, тийиштүү күбөлүктөр Т. Томинага ( Ош ш.), Д.Нурметовага (Каракол ш.), О. Леппеевага (Нарын ш.), В. Малютинге (Кара-Балта ш.) жана В. Гритчинге (Бишкек ш.) тапшырылды.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Акыйкатчы жаңы дайындалган өкүлдөргө карата каалоо айтып жатып, биз менен иштөөдө үч негизги принциптерге таянуу керек алар- жарандардын конституциялык укугун, эркиндиктерин жана  мыйзамдуу таламдарын коргоодо аларга мүмкүн болушунча ачык жана чынчыл болууну жана алдын-ала боолгой билүү керектигин баса белгиледи.

 -Ошондой эле Акыйкатчынын аймактардагы өкүлчүлөктөрү менен тыгыз иштешүү маанилүү экенин унутпагыла. Андан тышкары, силер биздин борбордук аппараттын атайын бөлүмдөрүнө юридикалык кеңештер, колдоолор же жөн гана кеңештерди  алуу үчүн кайрылсаңар болот. Адам укуктарын коргоодо чогуу-чаран аракеттенели-деди Токон Мамытов.