Азыркы тапта кыздары жана неберелери Сирия жана Иракта жүргөн кыргызстандыктарга эскертүү менен кайрылды
Сирияда жана Иракта жүргөн аялдарды жана балдарды Кыргызстанга кайтарып келүү маселесинде келип чыккан көйгөйлөр боюнча КР Акыйкатчысы Токон Мамытовго карата кайрылуулардын саны көбөйүп кеткендиктен, Акыйкатчы аппараты 2018-жылы декабрь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратына кат менен кайрылган.
Аталган демилгенин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында ар кайсы министрликтер жана ведомстволордон турган атайын жумушчу топ түзүлгөн. Топко жетекчи болуп КР Тышкы иштер министринин орун басары дайындалган.
Учурда аталган топ Кыргызстандык жарандардардын жана алардын жогоруда аты аталган өлкөдө туулган балдарынын тизмесин тактап, түзүп, Мекенге кайтарып келүү маселесин чечүүнү максат кылып жатышат.
Буга байланыштуу, кызыктар жарандар болсо, КР Тышкы иштер министрлигине арыз жана жакындарыңыздын аты-жөнү жазылган тизме менен кайрылышыңыздар керек экендигин эскертебиз.