Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда жайгашкан психиатриялык мекемелердеги бейтаптардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүлдү

04/10/2019 - 10:11

Акыйкатчы аппаратынын Психиатрдык мекемелердеги пациенттердин укуктарын боюнча кызматтын 2019-жылдагы иш-планы боюнча КР Акыйкатчысынын орун басары Г. Жамгырчиева жана аппараттагы тийиштүү кызматтын кызматкерлери төмөндөгү психиатриялык мекемелерде жаткан бейтаптардын абалына мониторинг жүргүзүштү.

  • Ош ш. жайгашкан Ош облустук психикалык ден-соолук борборунда;
  •  Баткен облусунун Кадамжай районунда жайгашкан аралаш психоневрологиялык  интернат-үйүндө;
  •  Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад облустук психикалык ден-соолук борборунда;
  • Жалал-Абад облусундагы Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада;
  •  Жалал-Абаадыгы психоневрологиялык балдар интернат- үйүндө болушту. 

Психиатриялык мекемелерде толук жана ар тараптуу мониторинг жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, ММК фондунун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да чакырылды.

Жогоруда аты аталган психиатриялык мекемелерде Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери медициналык кызмат колдонуучуларды жана медициналык персоналдарды анкета аркылуу сурамжылоо кылышты жана алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү, консультациялар берилди. Жашап жаткан бөлмөлөр, жатуучу бөлмөлөр, тамак-аш жайлары (ашкана, сактоочу жай, муздаткыч камералар), тамак-аштын сактоо нормалары текшерилди. Ошондой эле бейтаптар үчүн маанилүү болгон дары-дармектер сакталган бөлмөлөрдөн дары-дармектердин сактоо, колдонуу нормалары тыкыр текшерүүгө алынды.