Пресс-анонс: Эртең Бишкекте “Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында кармалган адамдарды натыйжалуу медициналык документтештирүү” аталышындагы тегерек стол болот.
Эртең, 2019-жылдын 16-октябрында Бишкек шаарындагы “Плаза” отелинин (Тоголок Молдо 52 дарегинде) конференц-залында саат 10.00дөн -12.30га чейин Ички иштер органдарынын убактылуу кармоочу жайларында кармалган адамдарды натыйжалуу медициналык документтештирүү” аталышындагы тегерек стол болот. Анын жүрүшүндө Бишкек шаарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында убактылуу кармоочу жайлардагы кармалып тургандарды медициналык документтештирүүнүн сапаты боюнча жүргүзүлгөн мониториндин жыйынтыктары презентацияланат.
Ошондой эле кылмышка шектелип кармалган адамдарды медициналык күбөлөндүрүү тажрыйбасы жана натыйжалуулугу талкууланат: ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилүүчүлөрдү медициналык күбөлөндүрүүнүн бирдиктүү формасын даярдоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобун түзүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Баяндама менен КР Акыйкатчысы Токон Мамытов чыгып сүйлөйт, ошондой эле КР ИИМ, КР Саламаттык сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун жана “Голос Свободы” КФ өкүлдөрү чыгып сүйлөшөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн иш чарага катышууга жана бул багытта кенен маалымат алууга чакырабыз. Сурап билүү үчүн телефон: +996 312 66 -31-47 Басма сөз кызматы.