Токон Мамытов ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолугушту

18/11/2019 - 16:03

Бүгүн, 2019-жылдын 18-октябрында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы дайындалган өкүлү Кристин Жольм менен жолугушту, аны менен коштоп келишкен өкүлдөр  Балдарды коргоо программасынын жетекчиси, саясий илимдердин доктору Лучио Валерио Сарандре жана Балдарды коргоо боюнча программанын координатору Елена Заиченкону кабыл алды.  

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстандагы балдардын укуктарын, жеке коопсуздугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча учурдагы жана келечекте пландаштырылып жаткан иш чараларды талкуулашты. Алар буга чейин КР Акыйкатчы аппараты  менен БУУнун Балдар фондунун ортосунда түзүлгөн үзүрдүү кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо жана кеңейтүүгө кызыкдарлыгын билдиришти.