Акыйкатчы аппаратынын “115 шыр байланыш” кызматкерлери үчүн тренинг уюштурулду

25/11/2019 - 14:57

Акыйкатчы аппаратынын “115 шыр байланыш” кызматкерлери үчүн уюштурулган  тренинг 22- октябрдан 25-октябрга чейин созулду. Тренер Орто Азиядагы эл аралык түрмө реформасынын (PRI) аймактык консультанты Юлия Денисенко болду.

Тренингдин максаты “115 шыр байланыш” кызматынын кызматкерлеринин кызматтык дараметин жогорулатуу болуп саналат.

Юлия Денисенконун айтымында,  “шыр байланыш” кызматкерлери  компетенттүүлүгүн жогорулатуу, сүйлөө жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү үчүн семинарлар өткөрүлүп турушу зарыл. “Бул кызматка телефон чалган адам биринчи кезекте жооп берип жаткан адамдын үнүнө маани берет. Кызматкерлер үнүн туура башкарганды, туура сүйлөгөндү жана чалып жаткан адамды түшүнө билүүсү  абзел. Алардын компетенциясына-адамдын укугун коргоо, коомду жакшы нукка өзгөртүү, укуктук сабатсыздыкты жоюу, кылмыштуулукту жок кылууга көмөк көрсөтүү кирет.  Бул жоопкерчиликтүү миссия экенин кызматкерлер билиши кажет” - деди ал.

Өз кезегинде Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан  эркиндиги  чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын  көзөмөлдөө  бөлүмүнүн  башчысы Альберт Колопов аталган семинардан алган сабактар тажрыйба менен айкалышууга жакшы өбөлгө болорун баса белгиледи. Ошону менен бирге ал 9 айдын ичинде телефон аркылуу 6877 чалуу болгонун, айрым кайрылуулар боюнча жерине чыгуулар уюштурулганын кошумчалып өттү.

 Тренинг Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу  менен Эл аралык түрмө реформасы (PRI) уюмунун  өкүлчүлүгү аркылуу ишке ашты.