Кыргызстандын Акыйкатчысы ММК кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

05/11/2019 - 17:53

“Эркин Тоо” улуттук гезитинин биринчи санынын жарык көргөн күнүнө карата (1924-жыл, 7-ноябрь, азыркы “Кыргыз Туусу”)) КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 1993-жылдын 1-ноябрынан тарта 7-ноябрь  Кыргызстандын массалык маалымат кызматкерлеринин ( гезит-журнал, радио, телевидение, басмаканада иштеген) күнү деп жарыяланган. Буга байланыштуу, 7-ноябрь журналисттердин кесиптик майрам күнүн утурлай КР Акыйкатчысы Токон Мамытов маалыматтык агенттиктерде, радиодо, телевидениеде иштеген кызматкерлерди куттуктады.  Ал адам укуктарын чагылдырууда, адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулууларынын алдын алууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу зор экенин белгиледи.

Адам укуктары жана эркиндиктерине кошкон салымы жана Акыйкатчы институту менен укуктук-маалыматтык жаатта тыгыз жана жигердүү кызматташканы үчүн Улуттук басма сөз жана маалымат күнүнө карата  КР Акыйкатчысынын  “Акыйкат” медалы менен:  

  • Айбек Мусаев -«ЭлТР» телекомпаниясынын директору;  
  • Нарын Айып -«5 Канал»  телекомпаниясынын директорунун кеңешчиси;
  • Таалайгүл Сыдыкбекова «Биринчи радионун» башкы редактору сыйланышты.

 

 Ал эми КР Акыйкатчысынын Ардак громатасы  менен төмөндөгүлөр сыйланды:

                    «Kaktus.media»- интернет-редакциясынын  чыгармачыл жамааты

  • «Vesti.kg»- интернет-редакциясынын  чыгармачыл жамааты
  • «Knews.kg» -маалыматтык-агенттигинин чыгармачыл жамааты
  • «Akipress.kg»- маалыматтык-агенттигинин чыгармачыл жамааты

 

  • Миржан Балыбаев -«НТС»  телерадиокомпаниясынын башкы директору ;   
  • Акмарал Сабатар кызы«НТС» телерадиокомпаниясынын жаңылыктар бөлүмүнүн жооптуу редактору;
  • Елена Бугайченко«НТС» телерадиокомпаниясынын жаңылыктар бөлүмүнүн жооптуу редактору;
  • Жазгүл Сейдакматова- «ЭлТР» телекомпаниясынын жаңылыктар бөлүмүнүн башкы редактору;  
  • Жазгул Мадинова- «5 Канал»   телекомпаниясынын жаңылыктар бөлүмүнүн башкы редактору;  
  • Жаркын Байжигитова-«Akipress.kg» маалыматтык-агенттигинин башкы редактору;
  • Айзада Касмалиева-“Азаттык -медианын” кыргыз кызматынын жетекчиси
  • Кубат Чекиров- «BBC News» кыргыз кызматынын редактору;
  •  Мамат Сабыров - «Азия Ньюс» гезитинин баяндамачысы;
  • Зулпукаар Сапанов -«Де-Факто» гезитинин кабарчысы;  
  • Айбек Шамшыкеев -«Багыт.kg» гезитинин баяндамачысы;
  • Вера Черникова- «Ала-Тоо 24» телеканалынын баяндамачысы;
  • Каныкей Жунусова -«Ала-Тоо 24» телеканалынын баяндамачысы;
  • Нургүл Жумабекова --«Ала-Тоо 24» телеканалынын кабарчысы;
  • Ирина Егинбаева- «Биринчи радионун» баяндамачысы;
  • Кадыр КалиловБиринчи радионун» комментатору;
  • Аида Джумашева- «24.kg» маалыматтык-агенттигинин кабарчысы;
  • Айдана Абдуваитова «Kaktus.media» интернет-редакциясынын  кабарчысы ;
  • Тимур Осмонов -«Sputnik.кg» » маалыматтык-агенттигинин радиоалып баруучусу;
  • Бакыт Стамов -«Вечерний Бишкек» интернет-редакциясынын башкы редактору;
  • Айсалкын Качкынбекова- «Super.kg» интернет-порталанын кабарчысы;
  • Таалайгул Усенбаева -«Sputnik.кg» маалыматтык-агенттигинин кабарчысы;
  •  Адина Сагынбекова- «Kyrgyztoday.kg» порталынын кабарчысы
  •  Канымгул Элкеева “Азаттык медиа” кыргыз кызматынын кабарчысы;
  • Бозулан Ысаков- «Maral-FM» радиосунун кабарчысы сыйланышты.

Сыйланган  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куттуктайбыз жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.