КР Акыйкатчысы Ак-Булуң айыл өкмөтүндөгү жетим бала боюнча маалыматты өз көзөмөлүнө алды
14/11/2019 - 17:31
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппараты болжолдуу маалыматтар боюнча Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн Фрузе айылында бирөөлөрдүн малын багып жүргөн жетим бала (болжол менен 8-9 жаштагы) боюнча кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Бул боюнча маалыматты Акыйкатчы институтуна Акыйкатчынын Ысык-Көл облусунун коомдук жардамчысы Анна Макарова маалымдаган.
Азыркы тапта Акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Тамаев жана Түп районундагы Социалдык өнүгүү башкармалыгы баланын жашоо шартын аныктап жана айтылган фактылардын бардыгын текшерип, тийиштүү иштерди жүргүзгөн соң анын жыйынтык маалыматтарын укук коргоо органдарына жана социалдык ведомстволорго өткөрүп берүү боюнча жеринен тактап жүрүшөт.