Ош шаарында “Баланын укуктары жөнүндө эл аралык конвенциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата тегерек стол өтүп жатат

27/11/2019 - 16:28

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы тарабынан 10-ноябрдан 10-декабрга чейин Адам укуктарынын бир айлыгы жарыяланган эле. Ушул бир айлыктын алкагында бүгүн, 2019-жылдын 27-ноябрында,  Ош шаарында “Баланын укуктары жөнүндө эл аралык конвенциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата тегерек стол өтүп жатат. Иш чара Кыргызстандагы Балдар фонду –ЮНИСЕФ уюму менен биргеликте өткөрүлүүдө. Иш чарага жашы жетпегендер менен иштеген органдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Катышуучулар баары бир ооздон балдар укуктарын коргоо чөйрөсүндө көйгөйлөрдүн болушун белгилешүүдө. КР Акыйкатчысынын орун басары Г.Жамгырчиева куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Талкууга коюлган темалар:
• «Бала укуктары жөнүндө конвенция: Максаттары, принциптери, мазмуну»;
• «Жашы жетпегендерге карата зомбулук фактыларына жана кылмыштарга сереп»;
• «Кыргыз Республикасы тарабынан 2014-2019-жылдарда Баланын укуктары жөнүндө эл аралык конвенциясынын аткарылышы жөнүндө бешинчи мезгилдик баяндама жөнүндө»;
• «Мыйзам менен чыр-чатакта болгон баланын достуктагы балдарга карата жол-жоболорду колдонууга укуктары»;
• «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын укуктарын коргоо»;
• «Мигранттардын балдарынын укуктарын коргоо»;
• «Балдардын эмгекке укуктары» деген темалар талкууланууда.