Акыйкатчы аппаратынын жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун кызматкерлери УКМК ТИЗОсуна барып камакка алынган блогер А. Жоробековго жолугушту
Бүгүн, 2019-жылдын 29-ноябрында, Акыйкатчы аппаратынын Жарандык –саясий укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери УКМК ТИЗОсуна барып, камакка алынган блогер Афтандил Жоробековго жолукту.
Жолугушуу маалында А. Жоробековдун жанында жеке жактоочу Тимур Султанов менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчисинин орун басары Бектур Осмонбаев болгон. Андан тышкары, Акыйкатчынын өкүлү менен бирге Кыйноолорго каршы улуттук борбордун эки өкүлү дагы камактагы адам менен маектешти.
Афтандил Жоробеков тарабынан кармоо шарттарына жана тамак-ашка даттануу болгон жок. Камактагы адам өзү маалымдагандай, убактылуу кармоочу жайга кирип жатканда фельдшер текшерген, ден соолугуна даттануу жок. Ошондой эле ага карата коркутуу жана кыйноолор болгон эмес. Ал КР Акыйкатчысына жазуу түрүндө кайрылуудан баш тартып, “Менде эч кандай арыздануу же талаптар жок, бир жакка же бирөөгө кайрылайын деген да оюм жок” –деп айткан.