Акыйкатчынын өкүлдөрү жана Сот адилеттигинин жогорку мектеби кызматташуу тууралуу макулдашышты

05/12/2019 - 15:42

4-декабрда, КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тарабынан Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 71-жылдыгына (АЖД)  карата жарыяланган адам укуктары боюнча бир айлыктын алкагында, Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (КР ЖС САЖМ) жетекчилиги жана кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү. 

Тараптар Акыйкатчы институнун кызматкерлери тарабынан (жарандардын өтүнүчү менен) жүргүзүлгөн  мониторингдердин учурунда белгилүү болгон, сот процесстерин жүргүзүү учурунда Кыргызстандын айрым судьялары тарабынан жол берилген бир катар мыйзам бузууларды талкуулашты.  Атап айтканда, Акыйкатчы өкүлдөрү КР ЖС караштуу САЖМ директору Э.Байтиковага жазыксыздык жоромолу, соттук отурумдардын ачык-айкындуулугу (айрыкча баш коргоо чарасын кароодо), далилдерди көрсөтүүгө байланыштуу тараптардын тең укуктуулугу сыяктуу акыйкат соттук териштирүүлөрдүн негизги стандарттарын жакшыртууга  көңүл  буруунун зарылдыгына чакырышты.  

Эркинен ажыратууга байланыштуу баш коргоо чарасын тандоо пайызын жогорулатуу зарылдыгына, ошондой эле жаш курагын эске алуу менен соттолуучунун укуктары менен милдеттерин аныктоо, өнүгүүнүн коомдук деңгээли, психикалык жана физикалык абалы, ишти кароодо сотко чейинки баскычтарда аларга коюлган айыптарды четке кагуу же мойнуна алууга тиешелүү өзгөчөлүктөрдү жана нерселерди соттолуучуга түшүндүрүү, жол берилбеген далилдерди жокко чыгаруу боюнча соттор тарабынан туура чечимдердин кабыл алынышы жана өкүмдү угузгандан соң анын мазмунун андан ары түшүндүрүү сыяктуу  маселелерге да өзгөчө басым жасалды.  

Жолушуунун жыйынтыгында КР ЖС САЖМ 2020-жылга карата пландалган судьялардын кесипкөйлүгүн  жана компетенцияларын жогорулатууга багытталган окутуучу программалар менен иш-чараларга киргизүү үчүн негизги делген учурлар аныкталды. Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын сотторунда акыйкат сотту ишке ашырууга багытталган кызматташтыкты улантуу жөнүндөгү макулдашууга жетишилди.