Акыйкатчынын наамына аманатчылардан алкыш

17/12/2019 - 14:37

Ош облусунун  Өзгөн районунун Куршаб айылынан 36 үй-бүлө  Куршаб айылында жайгашкан “Орус-Кыргыз Аманбак” ААКнун сактык кассасына депозитке акча салышкан.  Бирок, андагы акчалар ошол сактык кассасынын башчысы Абдыкадыров Жеңишбек кызматтан бошоп кеткенден кийин жок болуп чыккан.  Канча аракет кылып, ала алышпаган Куршабдыктар айласы кеткенде жогорку инстанцияларга кайрылышып, анын ичинен акыйкат издеп  КР Акыйкатчысына кайрылышкан. Алардын арызын Акыйкатчы Токон Мамытов өз көзөмөлүнө алган. Арыз ээлеринин айтымында сактык кассага эң көбү 3 млн салган, жалпы сумма 17 млн түзгөн.

Арыз ээлери Акыйкатчынын коомдук кабылдамасында болушуп,  ал күнү укуктук консультация берилген.  Аппараттын  кызматкерлери өздөрүнө тийиштүү иш-аракеттерди кылышкан. Бул боюнча “Акыйкатчы” гезитинин ноябрь айындагы санында “Акыйкатчынын коомдук кабылдамасында аманатчылар” аттуу маалымат жазылган. 

Жыйынтыгында арыз ээлерине аталган банк тарабынан салынган сумма төлөнүп берилген. Натыйжалуу ишке ыраазы болгон арыз ээлери Акыйкатчы институтуна келип рахматын айтышты. Ыраазычылык катта минтип жазылат “ Урматтуу Токон Болотбекович, сиздин кызматкерлер У. Аралбаев, А. Исмаилова,  дагы үч-төрт кызматкериңиз (У.Абдумомунов, С. Касымбекова, С. Калчабаев, Б. Сабирова -ред) өз иштерине тыкан болушуп, биздин арыз муңдарыбызды угушуп, дароо чара көрүшүп, Улуттук банкка чейин чогуу барышып, ишибизди бир топ жеңилдетип беришти. Сиздин кызматкерлер менен кошо Биринчи май райондук сот аткаруучулар Э. Байбубаев, Б. Тумаевдер канчалаган тоскоолдуктарга карабастан, жабырлануучулардын таламын , мыйзамдын негизинде  талашып, келтирилген материалдык чыгымдарды “Аман Банктан” өндүрүп беришти. Ошондуктан биз жабырлануучулар жогоруда аты аталган кызматкерлерге  терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана 36 үй-бүлөнүн атынан алкыш жарыялоону суранабыз”.