Акыйкатчынын почтасынан: Ыраазылык жана Жаңы жылдык куттуктоо
КР Акыйкатчысынын наамына арыздары оң чечилген жарандар ыраазылык катын жолдоп турушат. Алардын бири Сарманов Мискенбектен келген. Биз бул жарандын иши тууралуу буга чейин да жазган болчубуз.
Урматтуу Токон Болотбекович! Менин сизге ыраазычылык билдирүүмдүн себеби: 2019-жылдын июль айында Сокулук райсоту тарабынан (судья Масыбаев Т.) мага, “мурда соттолгон” деген жалган жалаа менен 30 000 (отуз миң сом) айып пул салган.
Сиз Чүй облсотунан акыйкаттыкты, мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү, чындык талап кылып, сунуш киргизип мени актатып бергенсиз. Сизге чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем. Сизге жана жалпы жамаатыңызга чың ден-соолук, узун-өмүр, чексиз бакыт, иштеген ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм! Ошондой эле сизде иштеп жаткан, жашоонун көркү болгон жалпы аялзатына бардык жакшылыктарды каалайм.
Урматтуу Токон Болотбекович! Эли-журтуңуз, үй-бүлөңүз, кайын-журтуңуз, жалпы жамаатыңыз, жакын адамдарыңыз менен Аллахтын амандыгында болуңуз!
Кудайым Кыргызстанды ар кандай ызы-чуудан, тополоң, өз жерин саткандан, өз элин аткандан, бийлик-байлык мансап талашкандардан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын!
Мекенибиз Кыргызстанда тынчтык, бейпилдик, туруктуулук, ынтымак болсун!
Дагы бир жолу Сизди жеке өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан чын жүрөгүмдүн чыккан ыраазычылыгымды билдирем.
Сизди терең урматтоо менен ак жеринен жабырланган М. А. Сарманов.