Акыйкатчы аппаратынын конференц-залында өмүр бою эркиндигин ажыратылгандардын укуктары жана көйгөйлөрү талкууланды

09/01/2020 - 13:49

2019-жылдын 9-январында өткөн талкуу Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан  эркиндиги  чектелген жана ажыратылган жайлардагы жарандардын укуктарын  көзөмөлдөө  бөлүмүнүн кызматкерлери, Кылмыш кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү Л. Сыдыкова, Г. Маматкеримова, БУУнун Кылмыш жана баңгизат башкармалыгынын өкүлү Б. Сапарбаев ошондой эле, Жогорку соттун өкүлү, ЖАМК өкүлдөрү, юрист, жактоочулардын катуушусунда болду.  

Жолугушууда Акыйкатчы институтунун жардамы менен Кыйноолорго каршы коалиция жүргүзгөн аналитикалык талдоо угулуп, талкууланды. Ошондой эле, жумушчу топ өмүр бою эркинен ажыратылгандардын абалын жакшыртуу, бул чөйрөдөгү абалды эл аралык минималдык стандарттарга ылайык келтирүү максатында иш улана берерин белгилешти.

Маалымат үчүн: бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажыратылгандардын жалпы саны - 345 адам.