Кыргызстандын укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү Акыйкатчы Токон Мамытов менен бейөкмөт уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамдолбоорун талкуулашты
Бүгүн, 2020-жылдын 14-январында, Акыйкатчынын кеңсесинде КР Акыйкатчысы Токон Мамытов менен бейөкмөт уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду, жолугушуу учурунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”) Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна байланышкан маселелер талкууланды.
Аталган мыйзамдолбоору өлкөнүн Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 31-декабрынан тартып коомдук талкууга коюлган.
Талкууга “Балдарды коргоо лигасынын” жетекчиси Назгуль Турдубекова, «Smart Жаран» Ассоциациясынын жетекчиси Эркина Убышева, “Голос свободы” фондунун жетекчиси Сардар Багышбеков жана “Коммерциялык эмес укук эл аралык борборунун” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ноокат Идрисов катышты. Жыйынтыгында, бул маселени чечүү үчүн мындан ары да салмактуу мамиле жана эки тараптуу сүйлөшүүлөр керектиги баса белгиленди.