Кыргызстандын Акыйкатчысы Густав Штреземан атындагы инстититтун Консорциуму менен кызматташтык Меморандумуна кол койду
Бүгүн, 2010-жылдын 31-январында КР Акыйкатчысы Токон Мамытов программалык ишмердигин“Улгайгандар үчүн ресурстук борбор (Кыргызстан)/ProNGO! e.V. (Германия) жана “XXI кылым мууну” (Кыргызстан) менен өнөктөштүктө Европа Биримдигинин “Коомдук кеңештердин жана ММКлардын өнөктөштүгү” адам укуктарын жана эркиндигин алдыга жылдыруу үчүн эркин ой-пикирлерди билдирүүнүн демократиялык платформасы жана отчеттуулук жана адам укуктары” долбоорун жүзөгө ашыруучу Густав Штреземан атындагы институттун (Германия) Консарциуму менен кызматташтык Меморандумуна кол койду. Консорциумдун атынан долбоордун жетекчиси С. Баштовенко кол койду.
Документте белгиленгендей, тараптар КР сөз эркиндигин илгерилетүү, мамлекеттин ачык-айкын иштешин калкка жеткирүү, калкты маалымат менен камсыз кылуу, эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарын колдоо максатында өнөктөштүккө, өз ара пайдалуу кызматташтыкка макулдашышты.
Тараптар иштин алдыга жүрүшү үчүн бири-бирине ишенүү принцибине таянуу керектигин белгилешти. Бул макулдашууда тараптардын каржылык милдеттенмелери жок.
Жолугушууну жыйынтыктап жатып, Акыйкатчы кызматташтыгыбыз КР мыйзамынын алкагында, биздин өлкөдөгү адамдын жана жарандын эркиндиктери менен укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу ишке ашат деген үмүтүн билдирди.