Кыргызстандын Акыйкатчысы менен “Замандаш” ассоциациясы кызматташуу Меморандумуна кол коюшту
Бүгүн, 2020-жылы 5-февралда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Токон Мамытов Кыргызстандыктардын жана мекендештердин эл аралык конгресси “Замандаш” ассоциациясы менен кызматташтык тууралуу Меморандумга кол койду. Меморандумга экинчи тараптан “Замандаш” ассоциациясынын директору Майрамбек Жапанов кол койду.
Бул Меморандумдун жоболоруна ылайык, ички жана тышкы мигранттар маселеси боюнча мамлекеттик саясатка эксперттик консультацияларды уюштуруужана бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө салым кошуу, ошондой эле эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүү жана ачык маалыматтар менен бөлүшүү каралган.
Акыйкатчы институту менен “Замандаш” ассоциациясынын өз ара кызматташуусунун башкы шарты болуп адам укуктарын коргоонун мамлекеттик жана эл аралык принциптерин кармануу, ички жана тышкы мигранттарга көмөк көрсөтүү боюнча таламдаш тараптардын аракеттерин координациялоо, Кыргыз Республикасынын жарандарын ички жана тышкы эмгек рыногунда жумушка орноштуруу ишинин натыйжалуулугун арттыруу маселелери эсептелет.
Меморандум кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана эгер тараптардан бул макулдашуудан чыгуу тууралуу билдирүү түшпөсө, анда кийинки үч жылга узартылат.
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тышкы мигранттардын укуктарын коргоо боюнча коомдук башталышта жардам берип жаткан Акыйкатчынын өкүлдөрүнүн салымын белгилеп, бүгүнкү кол коюлган макулдашуу мигранттарыбыздын абалына оң таасирин тийгизээрине ишенимин билдирди.