КР Акыйкатчысына укук коргоочуга карата мыйзамдуу чара көрүүнү суранып кайрылышты

06/02/2020 - 11:16

КР Акыйкатчысынын наамына Ысык-Көл районунун тургундары атасы Н.А жана кызы Б.С, арыз менен кайрылышкан. Алар буга чейин К.Р-ге берген акчаларын өндүрүп берүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Арыз ээси Б.С. Акыйкатчыга кайрылуусунда. «Ал (К.Р.) алдоо жолу менен бизден акча алган, менин бир тууганыма жардам берем деп, бирок эч кандай жардам берген жок. Сотко да келген жок, ооруп жатканына шылтоолоп”-деп жазган Б.С.

Анын айтымында, К.Р. “Эң биринчи кезекте тамак ичели деп сунуштаган, ага кафелердин биринен каалаган тамагын алып бердим. Анан ал 3000 сом сурады. Эртеси күнү 15 000 сомду тезинен которууну сурады, андан кийин Караколго барып, ал жакка арыз калтырышым керек”- деп, дагы беш 5000 сом сурады. К.Р-ге берген жалпы сумма 23 000 сомду түздү. Бирок ал менин бир тууганыма эч кандай жардам берген жок”-деп маалымдаган Б.С.  

Ал эми Н.А. КР Акыйкатчыга өзүнүн кайрылуусунда, К.Р-дин  тууралуу кызы Б.С. кайрылуусун төмөнкүдөй маалымат менен толуктаган. « К.Р.тергөөгө жана  сот процессине катышам, уулуңузга жардам берем деп менден 5000 сом алды. Анан анын Бишкектен Караколго каттаган жол киресин төлөп турдум. Ал тизелерим ооруп жатат деп, жылуу сууга алып баруумду сурады. Мен аны 12 жолу жылуу сууга алып барууга, анын чыгымдарын төлөөгө аргасыз болдум(анын ар бир баруусу 1500 сомду түзгөн, мен аны 12 жолу алып баргам). Мындан сырткары анын жылуу сууга барганда сууга түшүү үчүн кийимдерин да сатып бергем.Ошентип К.Р-ге 24 миң чыгым болдум. Ал менин уулумдун укугун коргогон жок»,-деп жазган Н.А..

Б.С. жана Н.А. жалпы суммасы 47 миң сомду өндүрүп берүү өтүнүчү жана К.Р--ге карата  мыйзамдуу чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылган. .

Ушуларга байланыштуу КР Акыйкатчысы эскертет, эгер укук бузуулар болсо КР Акыйкатчысына тикелей же туугандар аркылуу гана кайрылуу зарыл. Ар кандай ортомчулардын  кызматынан пайдаланбоону эскертет.

Ушундай эскертүү буга чейин да КР Акыйкатчысынын расмий сайтына жарыяланган эле. («Аппарат Омбудсмена КР призывает граждан республики не пользоваться сомнительными «правозащитными услугами» частных лиц».)