Интернет булагындагы маалыматтын изи менен

14/02/2020 - 17:00

“Вести Kg”  интернет сайтында 12.02.2020-жылы жарыяланган “Заклеили рты скотчем и закрыли в туалете”  деген маалыматты иликтөө максатында КР Акыйкатчысынын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкери  Т.С. Турганбаев Кара-Суу районунун «Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан «Бостон» балдар бакчасына барып, Аталган балдар бакчасынын директору А. Субанкулова менен жолугушуп, окуя боюнча сүйлөшкөн.  Маалым болгондой, «Бостон» бала бакчасында 78 жаш балдар тарбияланып жаткандыгы жана алар 3 тайпага бөлүнгөндүгү аныкталган. Бакчада 18 кызматкер эмгектенет, алардын ичинен 4 тарбиячы, 1 медайым (0,5 ставка), калгандары техникалык кызматкерлер (ашпоз, кароол, жыйноочу ж.б.).

Аталган бала бакчада балдарын колдоо үчүн ар бир ата-эне 750 сомдон айына төлөшөт. Ал эми Кызыл-Кыштак айыл аймагы ар бир тарбиялануучу үчүн айына 169 сомдон бөлөт.  

Бакчадагы окуя боюнча сураганда, андай окуянын орун албагандыгын жана орун алышы мүмкүн да эмес экендигин билдирген.  Ошол эле мезгилде тарбиячы Субанкулова Гүлзада анын бир тууган сиңдиси экендигин жана сиңдисинин бир да баласы  балдар бакчасында жок экендигин маалымдаган, бирок кээ күндөрү бир баласы бала бакчага келип, апасы менен кошулуп кетип жүргөн фактылары бар экандигин тастыктаган.

Ошол эле мезгилде интернет сайтта көрсөтүлгөн тарбиячы Субанкулова Гүлзада менен да жолугушуп сүйлөшүү жүргүзүлгөн. Сүйлөшүүдө эжесинин айткандарын тастыктаган.

Арыз боюнча берилген суроолрго, «28.11.2019-жылы балдар бакчасында ата-энелер чогулушу болуп, балдар жаткан шейшептердин, мамлекет тарабынан коюлган мөөнөткө жетпей эскирип бара жаткандыгын көрүшүп, айына чогултулуучу 750 сомдон сырткары 500 сомдон кошумча акча чогултушуп, «балдардын шейшептерин жаңылайбыз»-деп ата-энелер демилге көтөргөн. Умарова Одина көтөргөн  демилге  колдоого алынган. Акча каражатын ата-энелердин өздөрү дайындаган адамына чогултушуп, шейшеп алышмак. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жаңы шейшептер да кеңсе товарлар да алынган жок» -деп балдар бакчасынын директору Айзада Субанкулова маалымдаган. 

Демилге көтөргөн О.Умарова менен жолугуп сүйлөшкөндө, ал А.Субанкулованын айткандарын тастыктоо менен кошумча катары, ата-энелер 400 сом боюнча макул болбой коюшкандыгын билдирген. 

Ал эми арыз тууралуу берилген суроого,  бирөө (ким экендигин айткан жок) «балдардын тамак ашына төлөнүүчү акчанын суммасын төмөндөтүү боюнча кат»- деп кол койдургандыгын маалымдайт. Арызды окубастан эле кол коюп берген. Айтылган маалыматты фамилиясын атоодон баш тартышкан 2 ата-эне да тастыктаган.

Айтылгандар менен бирге эле, Акыйкатчынын Ош өкүлчүлүгүнүн кызматкери барган учурда  Кара-Суу райондук прокуратуранын, Кара-Суу райондук билим берүү башкармалыгынын,   Кара-Суу районук СЭС кызматкерлери,  Кара-Суу РИИБдин Жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери да  барышкан жана алар тараптан да өз багыттары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Интернет сайттагы маалыматтын некизинде Г.Субанкулова өз арызынын негизинде аталган бала бакчдан кызматынан бошотулган.