КР Акыйкатчысы Токон Мамытов ДМЧА өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

24/02/2020 - 15:59

Бүгүн, 24-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) "Келечек плюс" коомдук фонддун өкүлдөрүн жана ДМЧА укуктары боюнча жарандык активист Любовь Щевченкону кабыл алды.

Ишенимдүү жагдайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар күн сайын кездештирген курч көйгөйлөр анын ичинде алар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүк маселелери боюнча жана борбордогу обьекттердин инфраструктурасында талапка жооп берген пандустардын жана таянгычтардын жоктугу тууралу сөз болду. 

Пикир алышуунун жыйынтыгында Токон Мамытов “Келечек плюс” коомдук фондуна Акыйкатчы институту менен кызматташтык боюнча Меморандум түзүүнү жана фонддун жигердүү өкүлдөрүнө КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) коомдук башталыштагы кеңешчиси жана жардамчысы  деген тийиштүү күбөлүктөрдү тапшырып,  биргеликте ДМЧА укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону сунуштады.

“КР Акыйкатчы аппараты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бардык адамдарга мыйзамдуу жана керектүү жардамды көрсөткөнгө даяр, бизге ишенип, таянсаңыздар болот”-деп белгиледи Токон Мамытов.

“Келечек плюс” коомдук фонду өз кезегинде Акыйкатчынын колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылыгын билдирип, жакынкы убакта сунушталган Меморандумдун тийиштүү текстин даярдап, аны Акыйкатчы менен бирге талкуулап, андан ары ДМЧА  мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында натыйжалуу жана жемиштүү кызматташууга даярдыгын билдиришти.