Бишкекте «Кыргызстанды табигый кырсыктардан, жаратылыш коркунучтарынан жана чыр-чатактардан кантип биргелешип алдын-алса болот?» деген темада эксперттик форум өтөт
02/03/2020 - 15:55
Эртең, 3-март күнү, “Европа” отелинде (Ибраимова 70 көч.) саат 9-30да, “Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын демилгеси, КР Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун колдоосу менен «Кыргызстанды табигый кырсыктардан, жаратылыш коркунучтарынан жана чыр-чатактардан кантип биргелешип алдын-алса болот?»деген темада улуттук эксперттик Форуму башталат.
Ага эксперттер, мамлекеттик органдардын жана бизнестин ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Атап айтканда, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында “Алдын-ала сереп” долбоорунун алкагында БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча КР ыктыярлуу улуттук серептин түзүлүшүнө колдонулуп жаткан изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланмакчы.
Аталган иш-чараны чагылдырууга ММК өкүлдөрүн чакырабыз.