КР Акыйкатчы аппараты: Эгер К.Д. кылмыш иши жаңы жазык мыйзамдарына ылайык кайра каралса, анын жаза өтөө мөөнөтү кыйла кыскарат, эркиндикке чыгып калышы да мүмкүн

20/03/2020 - 11:58

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратына Кыргызстандын кыйноолорго каршы коалициясынын адвокаты, соттолгон К.Д. кызыкчылыгында кайрылган. Алып айтканда, арызда КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №8 мекемесинин администрациясы К.Д. карама-каршылыктуу чыгарылган өкүм жана 2015-жылдын 15-июлундагы кармоо протоколуна ылайык эркиндигин мыйзамсыз чектеп жатат деп эсептейт.

Адвокаттын кайрылуусунун негизинде, Акыйкатчы аппараты тарабынан КР Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратурасына арыздагы жүйөлөрдү дыкат текшерүү өтүнүчү менен кат жолдогон.

ЖАМКдан келип түшкөн жоопко ылайык, Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 17-февралындагы өкүмү менен К.Д. КР КЖКнын 169 беренесинин 3-бөлүгүнүн 2,3-пункттары,  59-беренесинин 4-бөлүгү боюнча 13 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда жаза өтөө белгиленген.

КР КЖКнын 61-беренесинин негизинде, анын өкүм чыкканга чейин олтурган мезгили 1 күнү 2 күнгө эсептелген. Мурда К.Д. Кара-Суу райондук сотунун 2011-жылдын 27-апрелиндеги өкүмүнө ылайык, КР КЖКнын 164-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча 3 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак-абагында өтөө белгиленген эле. Ал эми Ош облустук сотунун өкүмү менен Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, ал 11 жылга эркинен ажыратылып, жатак абагында жаза өтөө белгиленген.  

2011-жылы 23-июнда  К.Д. Ош шаарындагы №5 ТИЗОдон Ош шаарындагы №42 жатак колониясына которулган, бирок ошол эле күнү колониядан качып кеткен.

2011-жылы 4-июлда качып кетүү фактысы боюнча КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан К.Д. соттолгон карата КР КЖКнын 336-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.   

 2014-жылдын 2-июнунда  К.Д. Ош шаарындагы №42 мекемеге өзү кайтып келген жана ага 2014-жылдын 27-январындагы “Мунапыс жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган.  

Ошондой эле К.Д. 2011-жылдын  9-февралынан тартып, 23-июнуна чейин 4 ай 14 күн абакта болгон.

2011-жылдын 23-июнунан тартып, 2014-жылдын 2-июнуна чейин 2 жыл 11 ай 9 күн издөөдө болгон.

2014-жылдын 2-июнунан 15-июлга чейин Ош шаарындагы №42 мекемеде жазасын өтөгөн, ал 1 жыл 1 ай 13 күндү түзгөн.

2014-жылдын 27-январындагы “Мунапыс жөнүндө” мыйзамдын 3-бернесинин 4-пунктуна ылайык, анын өтөлө элек жаза мөөнөтү 12 жыл 3 ай эки күнү ¼ кыскарган, б.а. 3 жыл 23 күнгө азайган.

Ош шаардык сотунун 2016-жылдын 17-февралындагы өкүмү 4-мартта күчүнө киргенге чейин, соттолгон Д.К. тарабынан 3 жыл 1 ай 19 күн жаза мөөнөтү өтөлгөн.

Эгер баардык мөөнөттөрдү кошуп чыкса, анда төмөнкүдөй көрүнүш чыгат: 3 жыл 1 ай 19 күн кошуу 3 жыл 23 күн (мунапыстан кыскарган мөөнөтү) жана иш жүзүндө олтурган 4 жылы (сот өкүмү күчүнө киргенден тартып олтурган күндөрү). Ошентип К.Д. 10 жылдан ашуун жаза мөөнөтүн өтөгөн.

КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКдан алынган маалыматка ылайык, К.Д. жаза мөөнөтүн өтөөсүнүн аякташы 2022-жылдын 12-декабрына туура келет.

КР Акыйкатчысынын пикиринде, КР жаңы Жазык мыйзамдарынын күчүнө кириши менен буга чейинки бардык жазык иштери кайра каралып чыгууга тийиш. Кайра кароонун натыйжасында, К.Д. жаза мөөнөтү кыйла кыскарышы, мүмкүн ал эркиндикке чыгуу мөөнөтү келип калышы да мүмкүн.