КР Акыйкатчы аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкерлери КР Мамлекеттик чекара кызматынын турак жай комиссиясы менен жолугушту
2020-жылдын 17-мартында КР Чек ара кызматында кызматтык батир бөлүштүрүүдө нааразы болгон КР Чек ара кызматынын пенсионери Э. Кокоевдин жазган арызы боюнча Акыйкатчы аппаратында КР Мамлекеттик чекара кызматынын турак-жай комиссиясы, Аскер прокуратурасы, ошондой эле Э. Кокоев жана анын өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Э. Кокоевге кызматтык турак жай КР “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” мыйзамынын жана Турак жай кодексининин талаптарына ылайык, тийиштүү өлчөмдү эске алуу менен берилери талкууланды.
Э.Кокоевдин турак-жайга болгон укугунун бузулушун болтурбоо жана КР Конституциясында каралган социалдык кепилдиктерди ишке ашыруу максатында турак жай комиссиясы тарабынан турак жайга карата мамилелерди жөнгө салуучу КР мыйзамдарынын ченемдери жана жол жоболоруна ылайык маселени чечүү сунушталган
Жолугушуунун жыйынтыгында, турак жай комиссиясынын төрагасы Д.И. Сатимов жакынкы аралыкта турак жай комиссиясы чогулуп, бул кырдаалды жөнгө салуу маселесин талкуулашарын маалымдады.
Азыркы тапта Бишкек.ш. Биринчи май райондук сотунда Э. Кокоевге эки бөлмөлүү кызматтык батир берүү тууралу жазган арызы боюнча сот отуруму дайындалган. КР Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан сот отурумуна мониторинг жүргүзүлмөкчү.
Маалымат үчүн: 2019-жылдын 30-декабрында отставкадагы полковник Э. Кокоев КР Чек ара кызматынын турак жай боюнча комиссиясы чыгарган мыйзамсыз жана адилетсиз чечимине (анын айтымында) карата нааразычылыгын билдирип, өзүн-өзү өрттөйм деп коркутуп көчөгө чыккан. Ал Чек ара кызматынын комиссиясы анын турак жайга болгон укугун бузганын, медициналык-эмгек комиссиясынын корутундусу (ВТЭК) боюнча, ошондой эле анын эмгектери эске алынып, 10 чарчы метр кошумча квадратура аянтка ээлик кылууга укугу бар экендигин айтат.