КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө КР мыйзамын бузган милиционерлерге тартиптик чара колдонулат

10/04/2020 - 16:10

2020-жылдын 8-мартында  тынчтык митингинин 70 катышуучусун алып барган, Свердлов райондук ИИБ имаратына КР Акыйкатчысынын жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрүн киргизбей, алардын ишине тоскоолдук кылган милициянын эки кызматкерине карата тартиптик чара көрүлөт.

“КР Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын тоготпогон жана анын ченемдерин бузган милиция кызматкерлерине карата тиешелүү чара көрүү тууралуу КР Акыйкатчы институту тарабынан сунуштама тийиштүү органдарга жөнөтүлгөн эле.

Жакынкы күндөрдө Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан (прокурор Н.Исраиловдун колу коюлган чыгыш66-20, 06.04.2020) жооп алынды. Анда КР ИИМдин ички иликтөө кызматынын корутундусуна ылайык, “Свердлов райондук ИИБ имаратына КР Акыйкатчысынын жана Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрүн киргизбегени, орой мамилеси жана КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы №52 Токтому менен бекитилген КР Укук коргоо органдарынын  тартиптик уставынын 5-пунктун, КР ИИМ 2019-жылдын 20-мартындагы 131-р буйругун аткарбаганы үчүн КР ИИМ министринин орун басары П.Асановдун наамына сунуштама киргизилип, анда Свердлов РИИБ эки милиционерине карата, алып айтканда нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсүнүн жардамчысы С.Акматовго жана ыкчам нөөмөтчү Т.Тошмирзаевге карата “сөгүш” түрүндөгү тартиптик чара берүү каралган,-деп жазылган жоопто.