КР Акыйкатчысынын Чүй облустук өкүлчүлүгү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

08/05/2020 - 11:01

Кечээ 7-майда КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы жардамчылары КР Акыйкатчысынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.Карабаеванын демилгеси менен жана жетекчилиги алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин сегиз үй-бүлөсүнө барышты.  АНТИМЕНКОВ Алексеq Мартынович (1926 – 1996-ж.ж.), КЛЕЩИН Алексей Владимирович (1920 – 1986-ж.ж..), БЕРДИБАЕВ Жакут (1917 – 1988-ж.ж.), КЕКИРТЕКОВ Жакып (1917 – 2000-ж.ж.), МУРАТАЛИЕВ Мукамбет (1924-1983-ж.ж.), МАКАРЦЕВ Николай Филиппович (1922 – 2004-ж.ж..), ТИМЧЕНКО Павел Михайлович (1920 – 1986-ж.ж.) жана ВАБУЛИН Валерий Сергеевич (1937 – 2016-ж.ж..), ал жерде каарман ардагерлер эскерилип, алардын жаркын элесине таазим этилди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты.

Ардагерлердин жесирлерине материалдык жардам беришип, ошондой эле алардын көйгөйлөрүн угуп, алардын чечилишин көзөмөлгө алышты. Ошондой эле алынган маалымат Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы Жантай Шакеевдин наамына жолдонду.

Бүгүн, 8-майда КР Акыйкатчысынын коомдук башталыштагы жардамчылары   Э. Смамбекова жана  В. Райымкулова, ошондой эле Н.К.Крупская атындагы айылдык кеңештин депутаты , Макаренко Л.С. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери  АРТЮШЕНКО Григорий Терентьевичти (1927-жылы туулган) куттукташты. ал согуш учурунда , Москва алдындагы радиостанциянын башчысы болгон, кийин Брестке которулуп, ал жерде 1-класстагы радист болгон. 1952-жылы демоблизацияланган.

Ата Мекенди коргоодо көрсөткөн жекече эрдиги жана каармандыгы үчүн Григорий Артюшенко  СССРдин бир катар мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган: “Каармандыгы үчүн” медалы, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 50 жылдыгы, 60 жылдыгы ж.б. мааракелик медалдар менен сыйланган.. Тынчтык мезгилинде Артюшенко Г.Т. “Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Акыйкатчынын өкүлдөрү Григорий Терентьевичти чын жүрөктөн куттуктап, Жеңишке кошкон жекече салымы үчүн чын пейилден ыраазычылык билдиришти, ага бекем ден соолук, ачык асман жана бейпил күндөрдү каалашты, ага гүлдесте жана акча каражаты тартууланды. .

Эске сала кетсек, буга чейин КР Акыйкатчы аппараты тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле республиканын аз камсыз болгон тургундарына, ошондой эле COVID-19 пандемиясы жайылышына байланыштуу турмуштук оор шартка кабылган жарандарга жардам көрсөтүп келген. Андай кайрымдуулук баштыктарынын саны 75ке жеткен.