“Сорос-Кыргызстан” фонду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна жеке коргоонууга зарыл каражаттарды берди

20/05/2020 - 17:04

Бүгүн, 2020-жылдын 20-майында, “Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов жана фонддун Саламаттыкты сактоо программасынын директору Айбек Мукамбетов, COVID-19 коронавирусуна каршы күрөшүү иш-чарасынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтуна гуманитардык жардам катары жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. Алар - коргоочу костюмдар, беткаптар, мээлейлер, бут кийимдер, антисептиктер жана дезинфекциялоочу каражаттар.

Токон Мамытов фонддун жетекчилигине өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус пандемиясынын учурунда бул каражаттар Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерине жабык жана жарым жабык мекемелерге барганда, иш сапарларда  ошондой эле тиешелүү мониторинг учурунда жана күнүмдүк иш менен алектенүү маалында  ыйгарым укуктарын толук аткарууга мүмкүндүк берет деп белгиледи.