КР Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Комитетинин тергөө изоляторуна барды

27/05/2020 - 16:38

Кыргызстандын Акыйкатчысы 2020-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Комитетинин тергөө изоляторуна барды. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов жана Акыйкатчы Аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө изоляторунда болуп, анда камактагылар Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Алмазбек Атамбаев, Айбек Калиев, Сардор Абдрахманов жана Бектурсун Айталиевдерге жолугуп сүйлөшүштү.

Акыйкатчы менен болгон маектешүүдө К.Осмоналиев ден-соолугунун абалына нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппаратынын Клиникалык ооруканасынан тастыктаган медициналык тастыктаманы көрсөттү. Алмазбек Атамбаев болсо, кан басымы кескин түшүп кайра көтөрүлүп жатканын айтты.

Жогоруда аты аталган адамдар тарабынан кээ бир судьяларга жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине карата, аларды пикиринде, жасалган мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу дооматтар айтылды. Бардык айтылган даттануулар жана кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан кылдат иликтенип, андан кийин республиканын сот инстанцияларына жана мамлекеттик органдарына жазуу жүзүндө кайрылуулар даярдалат.